Мариуполдо үчүнчү массалык көрүстөн табылды

Бул тууралуу Мариуполдун мэри Вадим Бойченко украин маалымат каражаттарына берген маалыматында айтты.

1818599
Мариуполдо үчүнчү массалык көрүстөн табылды

Орусия көзөмөлгө алганын билдирген Украинанын Мариуполь шаарына жакын жерде дагы бир массалык көрүстөн аныкталды.

Мариуполдун мэри Вадим Бойченко украин маалымат каражаттарына берген маалыматында: «Өткөн аптада Манхуш жана Вынохрадне айылдарында ачылган массалык көрүстөндөр менен катар, азыр дагы бирөө бар экенин көрүп жатабыз»,-деди.

Орусиянын кол салууларынын башталышынан бери болжол менен Мариуполдун 20 миң тургуну каза болгонун эске салган Бойченко: «Мариуполдогу кырдаал өтө оор бойдон калууда»,-деп айтты.

Бойченко орус армиясынын украин аскерлери жана жарандары турган Азовсталь темир заводун да бомбалаганын билдирди.

Мариуполь шаардык кеңешинин Telegram баракчасына жазган билдирүүсүндө Старый Крым айылындагы үчүнчү массалык көрүстөн эски көрүстөндүн чегинде экени баса белгиленген.

«Мүрзөлөр 24-марттагы айылды орустар басып алгандан кийин табылган жана алардын узундугу 60-70 метрдей болгон», - деп айтылат маалыматта.

Спутниктен алынган сүрөттөргө караганда, кээ бир мүрзөлөр 7-апрелге чейин жабылып, көмүлгөн аянттын кеңейтилгени белгиленип, «24-апрелде жаңы көрүстөндөр казылганы көрүндү. Массалык көрүстөндүн узундугу 200 метрден ашты»,делди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар