Жонсондун Индияда түшкөн фотографиясы каршы чыгууларга себеп болду

Жонсондун Консервативист партиянын донору жетектеген компанияга сапары жана мусулмандарга таандык дүкөндөрдү кулатууда колдонулган бир JCB булдозерунун жанында сүрөткө түшүшү сындоолорго жол ачты.

1816442
Жонсондун Индияда түшкөн фотографиясы  каршы чыгууларга себеп болду

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Индияга болгон иш сапарынын алкагында мусулмандарга тиешелүү дүкөндөрдү бузуу үчүн колдонулган бульдозерлерди чыгарган заводго барып, бульдозердун жанында сүрөткө түшүшү каршы чыгууларга себеп болду.

Жонсон Консервативдик партияга миллиондогон стерлинг берген Энтони Бэмфорд тарабынан уюштурулган тур менен Гужарат штатындагы JCB заводуна алып барылды. Британиянын премьер  - министри бул жерде бир булдозердун жанында туруп сүрөткө түштү.

Жонсондун Консервативист партиянын донору жетектеген компанияга сапары жана мусулмандарга таандык дүкөндөрдү кулатууда колдонулган бир JCB булдозерунун жанында сүрөткө түшүшү сындоолорго жол ачты.

Эл аралык амнистия уюмунун Индия бөлүмүнөн берилген маалыматта Дели мэрдигине таандык бир фирманын кечээ Жахангирпури аймагындагы мусулмандардын дүкөндөрүн жер менен жексен кылган JCB булдозерун колдонуусуна көңүл бурулганда Британиянын премьер  - министринин Гужаратта бир JCB заводунун ачылышына катышуусунун бир гана караңгылык эле эмес, ошол эле учурда Жонсондун окуяларга каршы үнсүз экендиги белгиленди. Билдирүүдө : «Индиянын бийликтери күн сайын адам укуктарына чектөөлөрдү киргизип жаткандыктан, Британия өкмөтү унчукпай карап турууну токтотушу керек»,- деп айтылды.

 

 



Тектеш кабарлар