Подоляк : "Түркиянын ортомчулук кылууну улантышын каалайбыз"

Украинанын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Михаил Подоляк Россиянын сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого аракет кыларын белгиледи.

1815238
Подоляк : "Түркиянын ортомчулук кылууну улантышын каалайбыз"

Украинанын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Михаил Подоляк Россиянын сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого аракет кыларын белгилеп : «Түркиянын ортомчу болууну улантышын каалайбыз анткени Түркия абдан таасирдүү көрүнүүдө»,- деди.

Россиянын 24 - февралда Украинага согуш жарыялашынан кийин эки өлкөнүн ортосунда ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөрдө украин делегациясынын да мүчөсү болгон Михаил Подоляк акыркы абалга баа берди.

Украинада согуштун бүтүшү же ок атышпоонун түзүлүшү үчүн Түркиянын маанилүү кадамдарды таштаганына көңүлдөрдү бурган Подоляк Түркияга ыраазы экендерин айтты.

Түркиянын ортомчу катары маанилүү актер экендигин баса белгилеген Подоляк : «Түркия Республикасы абдан активдүү ортомчу десек болот. Түркия чындыгында абдан маанилүү жоопкерчиликти алды. Россия жалпысынан эл аралыкстандарт жана принциптерге баш ийбей жатат»,- деди.

Подоляк президент Режеп Таййип Эрдоган жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунунжардамы менен Стамбулда ушул кезге чейин эң түшүмдүү сүйлөшүү турунун өткөрүлгөндүгүн белгилеп : «Түркиянын аракеттери менен биз Стамбулда позитивдүү бир келишимге чейин бара алдык бирок кийинки абалдар Россия Федерациясынын сүйлөшүү столунда абдан кыйын атаандаш экендигин көрсөттү. Түркиянын ортомчу болууну улантышын каалайбыз анткени ортомчулук жактан Түркия абдан таасирдүү көрүнүүдө. Албетте Стамбул туру сүйлөшүү процессиндеги бардык турлардын арасында эң таасирдүүсү»,- деди.

Түркиянын Азов деңизинен кеме жиберүү менен бирге Мариуполдон жарандардын эвакуацияланышы үчүн жардамберүүнү сунуш кылгандыгын белгилеген Подоляк : «Биз Түркия үчүн согуштун бүтүшү абдан маанилүү экендигин көрүп жатабыз анткени Кара деңиз аймагы үчүн бул согуш чоң бир коркунуч. Соода тармагында болсун, аскердик тармакта болсун абдан чоң коркунуч. Ошондуктан менин оюмча Түркия бүгүн абдан чоң ортомчулук потенциалына ээ өлкө»,- деди.

 



Тектеш кабарлар