Зеленский элге кайрылды

Зеленский элге карата күнүмдүк кайрылуусунда 53 күн артта калган Россия - Украина согушуна баа берди.

1813724
Зеленский элге кайрылды
ukrayna borodyanka enkaz ceset.jpg

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон жана Запорожье облустарындагы аракеттерине дүйнөнүн каршылык  көрсөтүшү керектигин айтты.

Зеленский элге карата күнүмдүк кайрылуусунда 53 күн артта калган Россия - Украина согушуна баа берип : «Дүйнө баскынчылардын Укриананын түштүгүндөгү Херсон жана Запорожье аймактарындагы аракеттерине каршылык көрсөтүшү керек»,- деди.

Зеленский орус армиясынын кыйноолор боюнча камак жайларын уюштурганын айтып : «Жергиликтүү башкаруучуларыбыз менен көңүлдөрдү бурган коомдордун лидерлери уурдалууда. Мугалимдерге шантаж кылынууда. Пенсиялар конфискацияланып жатат. Адамдар ачкачылыкка карай жетеленүүдө» - деди.

Орус армиясынын өлкөнүн чыгышында чабуул коюга даярданып жатканына көңүлдөрдү бурган Зленский : «Мариуполду жок кылгандай эле Донбассты да жок кылууну каалап атышат. Донецк менен Луганск аймактарын да жер жүзүнөн жок кылууну каалап жатышат»,- деди.

Зеленский тынымсыз бомбалоолорго дуушар болгон Харьков шаарында акыркы 4 күндө 18 киши каза болуп, 106 адамдын жаракат алганын билдирди.

Орус армиясынын кол салууларын «аң  -  сезимдүү террор» деп мүнөздөгөн Зеленский : «Албетте Россиядан мунай өткөрүүсүнө карата эмбарго муктаждыгы күн сайын өсүп баратат. Европа жана Америкадагылардын баары Россиянын батыш коомдорун туруксуздаштырууга аракет кылып жаткандыгын ачыкча көрө баштады»,- деп айтты.

Владимир Зеленский талап кылган куралдарды 53 күндөн бери күтүп жатышкандарын белгиледи.

Май айында баштала турган кээ бир курал -жарактарды жеткирүүнүн формуласын сындаган Зеленский : «Ачыкча айткым келет. Куралдардагы кечигүү, ар бир саясий узартуу Россияга украиналыктардын жанын алууга берилген уруксат»,- деди.



Тектеш кабарлар