Кот-д'Ивуардын өкмөтү отставкага кетти
Президент Уаттаранын жаңы премьер-министрди жана жаңы өкмөттү келерки аптада жарыялай турганы белгиленди.
1811862
Кот-д'Ивуардын премьер-министри Патрик Ачи отставкага кетти.
Жергиликтүү маалымат каражаттары премьер-министр Патрик Ачинин министрлер кабинети учурунда кызматтан кетүү тууралуу арызын президент Алассан Уаттарага тапшырганын билдирди.
Президент Уаттаранын жаңы премьер-министрди жана жаңы өкмөттү келерки аптада жарыялай турганы белгиленди.
Ачи премьер-министр болуп 2021-жылдын 26-мартында өзүнөн мурунку Хамед Бакайоко каза болгондон кийин дайындалган.