Болгария өлкөгө кирүүдө вакцина сертификатын көрсөтүү мажбурдуулугун жойду
Саламаттыкты сактоо министри Асена Сербезова билдирүүсүндө Түркиядан тышкары Түндүк Македония, Румыния, Сербия, Венгрия, Чехия, Словакия, Израил жана Египеттен келгендердин Ковид-19 вакцина сертификатынан бошотула турганын айтты.
1811594
Болгариянын Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнтөн тарта Түркиядан өлкөгө киргендердин Ковид-19 эмдөө сертификатын көрсөтүү мажбурдуулугун жойду.
Саламаттыкты сактоо министри Асена Сербезова билдирүүсүндө Түркиядан тышкары Түндүк Македония, Румыния, Сербия, Венгрия, Чехия, Словакия, Израил жана Египеттен келгендердин Ковид-19 вакцина сертификатынан бошотула турганын айтты.
Сербезова жарлык менен НАТОнун союздаш өлкөлөрүнөн өлкөдө ар кандай эл аралык изилдөөлөргө катыша турган адамдардын Ковид - 19 вакцина сертификатын көрсөтпөй турганын айтты.
Болгарияда мындан мурда жарыяланган Ковид-19га байланыштуу "Өзгөчө эпидемиялык абал" 1-апрелден тарта жоюлду.