Россияда капитал чыгышы өстү

Россияда капиталдын чыгышы жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 266 пайыз өсүп 64,2 миллиард долларга жетти.

1810721
Россияда капитал чыгышы өстү

Россияда капиталдын чыгышы жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 266 пайыз өсүп 64,2 миллиард долларга жетти.

Россиянын Борбордук банкынын билдирүүсүндө 2021-жылдын биринчи чейрегинде өлкөдөн чыккан капиталдын агымы 17,5 миллиард доллар болсо, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде бул көрсөткүч 64,2 миллиард долларга жеткени белгиленди.

Билдирүүдө Россиянын тышкы соода профицитинин айтылган мезгилде 25,8 миллиард доллардан 66,3 миллиард долларга жеткени белгиленди.

24-февралда Украинага жасалган кол салуудан кийин киргизилген санкциялардан улам ондогон чет элдик компаниялар жана инвесторлор Россиядан чыгууну же ал жактагы ишмердүүлүгүн убактылуу токтотууну чечишти.

Россияда капиталдын чыгуусу өткөн жылга салыштырмалуу 42 пайызга өсүп, 2021-жылы 72 миллиард долларга жетти.



Тектеш кабарлар