Владимир Зеленский украин элинин эрдик менен күрөшүп жаткандыгын айтты

Зеленский элге кайрылуусунда Россиянын Украинага чабуулу 43 күндөн бери уланып жатканын, украин эли да эрдик менен каршылык көрсөткөндүгүн айтты.

1809329
Владимир Зеленский  украин элинин эрдик менен күрөшүп жаткандыгын айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский орустар блокадада кармап турган Мариуполдо ар тараптуу провокация жасай турганы тууралуу маалымат алышкандарын билдирди.

Зеленский элге кайрылуусунда Россиянын Украинага чабуулу 43 күндөн бери уланып жатканын, украин эли да эрдик менен каршылык көрсөткөндүгүн айтты.

Зеленский украин элинин эрдигин мактап : "Эгерде дүйнөдө ар бир адам биз украиндердей эрдиктин 10 пайызына ээ болсо, анда эл аралык укукка, элдердин эркиндигине эч кандай коркунуч болмок эмес",- деди.  

Россияга каршы санкциялардын согушту токтотууга жетишсиз экендигин белгилеген Владимир Зеленский : «Көбүрөөк жана күчтүү санкциялар керек»,-деди.

Согушта жеңүү үчүн куралга муктаж экендерин баса белгилеген Зеленский : «Эгер бизге курал бериле турган болсо,  бул Росияга каршы эң күчтүү санкция болот»,-деп айтты.

 Зеленский  БУУнун Башкы ассамблеясынын Россиянын БУУнун Адам укуктары кеңешиндеги мүчөлүгүн Украинадагы адам укуктарынын бузушуна байланыштуу токтотконун эске салып : «Көп убакыттан бери Россиянын адам укуктары түшүнүгү тууралуу эч бир маалымат жок. Балким бул бир күн өзгөрөт. Бирок ушул кезге чейин орус мамлекети жана орус армиясы дүйнөдөгү эркиндик, адамдын коопсуздугу жана адам укуктары түшүнүктөрү үчүн эң чоң коркунуч болуп жатат. Бул Бучада ачыкча көрүлдү»,- деди.

Орустардын Мариуполдо кеңири провокация жасай турганы тууралуу маалымат алгандарын белгилеген Украина лидери  : «Мариуполдогу курман болгондорду өлтүргөндөр орус армиясы эмес, украиналыктар сыяктуу көрсөтүшүүдө. Көчөлөрдөн  сөөктөрдү чогултуп жатышат. Буларды провокация сценарийине карата башка жерлерде колдонушу мүмкүн. Адамдгерчиликсиз баскынчылар менен күрөшүп жатабыз. Өздөрүнүн кылмышын жаап  - жашыруу үчүн сөөктөрдү бир декорация жана провокация материалы катары колдонуп жатышат»,- деди.

Зеленский чет элдик дипломаттарды Киевге кайтып келүүгө үндөп, Киевдеги чет элдик дипломатиялык миссиялардын улантылышы Киевдин Россиянын провинциясы эмес, Украинанын борбору экенин көрсөткөн ачык билдирүү болорун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар