Кытайлык хакерлер Индиядагы электр энергиясын бөлүштүрүүчү борборлорду бутага алганы белгиленди

Бул тууралуу кабарлар Индиянын басма сөзүндө орун алды.

1808874
Кытайлык хакерлер Индиядагы электр энергиясын бөлүштүрүүчү борборлорду бутага алганы белгиленди

Кытайлык хакерлер Индиядагы электр энергиясын бөлүштүрүүчү борборлорду бутага алганы айтылды.

Индиянын басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) кибер коопсуздук фирмасы Recorded Future тарабынан жарыяланган кабарда кытай хакерлеринин акыркы сегиз айда Ладактын жанындагы Индиянын энергия бөлүштүрүү борборлоруна кибер чабуул жасоого аракет кылганы белгиленди.

Отчетто электр тармактарын көзөмөлдөө жана электр энергиясын бөлүштүрүү боюнча реалдуу убакытта операцияларды жүргүзүү үчүн жооптуу болгон кеминде жети Мамлекеттик жүктөрдү диспетчердик борборлорго (SLDC) багытталган мүмкүн болгон тармактык чабуулдар, өзгөчө Индиянын түндүгүндөгү Ладактагы талаштуу Индия-Кытай чек арасына жакын жердеги SLDCтерге топтолгондугу байкалганы белгиленген.

Кол салуулардын 2021-жылдын августунан 2022-жылдын мартына чейин болгонуна көңүл бурулган отчетто, кытайлык хакерлердин критикалык инфраструктура системалары тууралуу маалымат чогултууну максат кылганы белгиленди.

Recorded Future алар отчетту жарыялоодон мурун Индиянын өкмөтүнө тыянактарды билдиришкенин билдирди.

Энергетика министри РК Сингх: «Кытайлык хакерлер Ладактын жанындагы электр энергиясын бөлүштүрүүчү борборлорго эки жолу кол салууга аракет кылышкан, бирок алардан майнап чыккан жок. Биз мындай кибер чабуулдардан коргонуу системабызды күчөндүргөнбүз»,-деп билдирүү жасады.



Тектеш кабарлар