Зеленский: «Санкциялар Буча шаарындагы согуш кылмыштарына пропорционалдуу болушу керек»

Зеленский Telegram эсебинде жарыялаган видео кайрылуусунда 24-февралда Орусиянын Украинага карай баштаган согушуна байланыштуу билдирүүлөрүн айтты.

1807865
Зеленский: «Санкциялар Буча шаарындагы согуш кылмыштарына пропорционалдуу болушу керек»

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияга каршы санкциялар Буча шаарындагы согуш кылмыштарына пропорционалдуу болушу керек экенин айтты.

Зеленский Telegram эсебинде жарыялаган видео кайрылуусунда 24-февралда Орусиянын Украинага карай баштаган согушуна байланыштуу билдирүүлөрүн айтты.

Орусияга каршы жаңы санкциялар пакетинин даярдалып жатканын белгилеген Зеленский, орус армиясынын Бучада украиналыктарды кыйнаганын айтты.

Зеленский: «Бучада эмне болгонун дүйнө көргөндөн кийин, Орусияга каршы санкциялар баскынчылар кылган согуш кылмыштарынын оордугуна шайкеш келиши керек. Эгер андан кийин орус банктары кадимкидей иштей алышса, Орусияга товарларды жөнөтүү улана берсе, Европа Биримдигинин (ЕБ) өлкөлөрү, Орусияга энергетикалык ресурстар үчүн төлөй берсе, анда айрым лидерлердин саясий тагдыры мурункудай өнүкпөй калат»,-деди.

Орус аскер бөлүктөрү кирүүгө аракет кылып жаткан аймактардын көбү Украина армиясынын колунда экенин белгилеген Украинанын президенти, өлкөсүнүн Донбасс жана Харьков аймактарында абалдын оор экенин айтты.

Орус армиясынын Украинанын куралдуу күчтөрүнө караганда көп аскери жана техникасы бар экенин белгилеген украин лидери, ошентсе да орус бийлиги аскердик окуу жайлардын курсанттарын армияга тартуу аракетин көрүп жатканын айтты.

Украин аскерлеринин күрөшүн уланта турганын баса белгилеген Зеленский: «Бизде башка жол жок. Жерибиздин, элибиздин тагдыры чечилип жатат. Биз эмне үчүн күрөшүп жатканыбызды билебиз жана жеңиш үчүн баарын жасап жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар