Зеленский журналисттерге маалымат берди

Зеленский: «Ар бир өлкө ар кандай жолдор менен кепил болгусу келүүдө. Ушул убакка чейин 100% кепил боло турган өлкө чыккан жок».

1807564
Зеленский журналисттерге маалымат берди

Зеленский журналисттерге берген маалыматында, Бучадагы кыргынга карабастан Орусия менен сүйлөшүүлөрдү улантуу керектигин айтып: «(Бучада) жасалгандар геноцид жана аны кылгандар жазаланышы керек. Ушунун баарына карабастан кырдаалдан чыгуунун жолун таабуу жана жерлерден ажырап калбоо үчүн (Орусиянын президенти Владимир Путин менен) жолугушууга мүмкүнчүлүк болушу керек. Бирок, балким бул жолугушуу өткөрүлбөй калышы да мүмкүн»,-деди.

Чет мамлекеттердин Украинага кепилдиги тууралуу Зеленский : «Ар бир өлкө ар кандай жолдор менен кепил болгусу келүүдө. Ушул убакка чейин 100% кепил боло турган өлкө чыккан жок. Бизге буйрук менен Украина үчүн күрөшө турган 40 өлкө эмес бардык нерсеге даяр олуттуу оюнчулар керек»,-деп сереп салды.

Орусиянын сунуштаган кепилдиктерине ишенбегендерин жана муну аларга билдиргендерин белгилеген Владимир Зеленский : «Эң күчтүү келишимге кол койсок деле Орусиянын эки жылдын ичинде кайтып келе аларын билип турабыз. Ошого жараша аракет кылып, өзүн коргоого жөндөмдүү мамлекет куруубуз керек»,- деди.

Украин лидери Бучадагы кыргындын күнөөкөрлөрүн таап, жазалоо үчүн бардык аракеттерди көрүшөрүн белгиледи.

Зеленский ошондой эле Донецк менен Луганскты кайтарып алуу үчүн плансыз аскерий операциянын болжол менен 50 миң украин аскеринин өмүрүн аларын айтып, азырынча мындай аракетти ойлобогондорун кошумчалады.



Тектеш кабарлар