Зеленский сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн делегация түздү

Украинанын Президенттиги билдирүү жасады.

1807219
Зеленский сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн делегация түздү

Украинанын президенти Владимир Зеленский, Орусия менен коопсуздук кепилдиги боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн туруктуу делегация түздү.

Украинанын Президенттигинин билдирүүсүнө караганда, Зеленский кол койгон жарлык менен мамлекеттин коопсуздугун кепилдөө үчүн келишимдин долбоорун даярдоо жана бекитүү боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн делегация түздү.

Бийликтеги "Эл кызматчысы" партиясынын депутаты Давид Арахамия жетектеген делегациянын курамына юстиция министри Денис Малуска, Президенттик аппараттын кеңешчиси Михаил Подоляк, коргоо министри Алексей Резников, Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Микола Точицкий, ошондой эле депутаттар Андрей Костин, Дмитрий Лубинец жана Рустем Умеров кирди.

Делегациянын эксперттери болуп юрист Александр Малиновский жана дипломат Александр Чалый дайындалды.

Украиналык сүйлөшүүчү Арахамия, Стамбулдагы акыркы сүйлөшүү жыйынынан кийин Türkiye да арасында болгон 8 өлкөнү кепил өлкө катары көрүүнү каалагандарын айткан.



Тектеш кабарлар