Триполиде куралдуу кагылышуу болду

Ливияда чыккан Марсад гезити Твиттер эсебинен берген маалыматында Триполинин кыймылдуу көчөлөрүнүн бири болгон аль-Саримде чыккан кагылышууда эки тараптан үч кишинин каза болгондугу белгиленди.

1807274
Триполиде куралдуу кагылышуу болду

Ливиянын борбор шаары Триполиде өкмөткө караштуу Стабилдүүлүктү колдоо тобу менен Наваси куралдуу топторунун кагылышында 3 киши каза болду.

Ливияда чыккан Марсад гезити Твиттер эсебинен берген маалыматында Триполинин кыймылдуу көчөлөрүнүн бири болгон аль-Саримде чыккан кагылышууда эки тараптан үч кишинин каза болгондугу белгиленди.

Расмий бийлик жаңжалдын келип чыгуу себептери боюнча билдирүү жасай элек.

Тобруктагы Өкүлдөр палатасы Ливияда 24-декабрда өткөрүлүшү пландалган шайлоо өтпөй калган соң 10-февралда көпчүлүк депутаттар катышпаган жыйында Фетхи Башага премьер-министрликке шайланды. 1-мартта парламент Башага өкмөтүнө ишеним добушун берген.

Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн Премьер-министри Абдулхамид Дибейбе Өкүлдөр палатасын Женева келишиминде белгиленген жол картасынан четтөө менен айыптап, кызматта экенин жана бул милдетти шайланган өкмөткө гана тапшыра турганын айтты.

Баш калаа Триполиде өкмөттү курууга чечкиндүү экендиктерин билдирген Фетхи Башага премьер-министрлик кызматты өткөрүп ала алган жок.



Тектеш кабарлар