Марста үн ылдамдыгынын жерге караганда жай экендиги аныкталды
Американын Авиация жана космостук агенттиги НАСАнын Perseverance унаасында микрофондор менен жасалган жазууларды изилдеген изилдөөчүлөр Марста үн ылдамдыгынын Жерге караганда жайыраак экенин аныкташты.
Марста үн ылдамдыгынын жерге караганда дагы жайырак экендиги белгиленди. Американын Авиация жана космостук агенттиги НАСАнын Perseverance унаасында микрофондор менен жасалган жазууларды изилдеген изилдөөчүлөр Марста үн ылдамдыгынын Жерге караганда жайыраак экенин аныкташты.
Nature журналында жарыяланган изилдөөдө илимпоздордун 19 - февралдан тартып, марс планетасына конгондон бир күн кийин жаздырган үндөрдү анализдегени белгиленди.
Изилдөөдө Марста үн ылдамдыгынын секундасына 100 метрге жайыраак экени белгиленип, Марста эки башка үн ылдамдыгынын бар экени да аныкталды.
Марста жогорку жана төмөнкү үндөрдүн ылдамдыктарынын бири - биринен айырмаланганын билдирген изилдөөчүлөр, планетадагы уникалдуу үн чөйрөсүнүн атмосфералык беттик басымдын төмөн болушуна байланыштуу экенине көңүл бурушту.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны 34 миң 904кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 216 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.