АКШ Чыгыш Европага аскер жана согуштук учак жөнөтүүдө

Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби маалымат берди.

1804238
АКШ Чыгыш Европага аскер жана согуштук учак жөнөтүүдө

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Чыгыш Европага 400гө жакын аскерин жана 10дон ашык согуштук учактарын жөнөтүүдө.

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Жон Кирби күнүмдүк маалымат жыйында, Норвегияда машыгууда жүргөн 200 аскерден турган деңиз жөө аскерлеринин абадан башкаруу бөлүмүн Литвага жылдыргандарын билдирди.

Кирби учурда 200 аскердин Литвада экенин белгилеп: «Түштүк Каролинадагы Бауфорт базасынан деңиз жөө аскерлерине караштуу 10 даана F/A-18 Super Hornet учагы жана бир канча С-130 учактары да Чыгыш Европага жөнөтүлөт. Алардын кайда бараарын так айта албайм, бирок ошол жакка жылдырылат жана бул да 200 кызматкерден турат»,-деди.

Жон Кирби Орусиянын Украинанын баш калаасы Киевдин айланасындагы күчтөрүн азайтуу билдирүүсүнө да кылдат болду.

Темага байланыштуу бир суроого комментарий берген Кирби, Орусиянын Киевдин айланасындагы кичинекей бөлүгүн чыгарганын, бирок мунун чыныгы чегинүү эмес экенин айтты.

Кирби: «Бул күчтөрдү алмаштыруу болуп эсептелет чыныгы чыгарып кетүү эмес жана биз Орусиянын Украинанын башка аймактарына карай чоң чабуулуна даяр болушубуз керек. Киевге болгон коркунуч бүтө элек»,-деди.

Орусиянын Киевдин айланасында дагы эле маанилүү бир күчкө ээ болгонун белгилеген Жон Кирби, бул орус аскерлеринин түндүккө чегинип жатканын айтты.

Жекшемби күнү Пентагон Германияга электрондук согуш жөндөмдүүлүгүнө ээ EA-18G Growler үлгүсүндөгү 6 согуштук учак жана аларды коштой турган 240 аскер жөнөтүлөөрүн жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар