Renault Россиядагы иштерин токтоткондугун билдирди
Француз унаа өндүрүүчүсү Renault Россиядагы өндүрүш иштерин токтотконун жарыялады.
Француз унаа өндүрүүчүсү Renault Россиядагы өндүрүш иштерин токтотконун жарыялады.
Россиянын Украинада 24 - февралда баштаган согушунан кийин Россиянын борбор шаары Москвада ишин улантканы үчүн катуу сынга кабылган фирманын билдирүүсүндө, Renault Групптун өндүрүшүндөгү иштерин кечээтен тарта токтоткондугу билдирилди.
Билдирүүдө Renaultтун Россиянын эң ири автомобтлб өндүрүүчүсү болгон AvtoVAZдагы 69 пайыздык акциясы тууралуу бардык ыкиымалдуу жолдорду да карап чыккандыгы белгиленди. AvtoVAZ Лада маркасындагы автомобилдерди чыгарууда.
Автомобиль өндүрүүдөн алынган киршенин 8 пайызын Россиядан алган Renault бул өлкөдө иштерин токтотуусунун натыйжасында операциялык киреше маржасын 4 пайыздан 3 пайызга кайра карап чыкты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ видеоконференция аркылуу Франция парламентине кайрылуусунда францкз фирмалары Renault, Auchan жана Leroy Merlinдин «Россия согушунун спонсору» болууну, аялдар жана балдардын «өлтүрүлүшү» үчүн Россияны каржылоону токтотушу керектигин белгилеген.