Германиянын президенти вирус жуктуруп алды
Штайнмайердин Ковид-19 тесттинен вирус аныкталды.
1800096
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер коронавирусту (Ковид-19) жуктуруп алды.
Президенттиктин басма сөз катчысынын билдирүүсүндө, президент Штайнмайерге жасалган тез Ковид-19 тестинин жана ПЦР тестинин оң чыкканы айтылды.
Билдирүүдө президент Штайнмайердин жубайы Элке Бүденбендердин тестинин да оң чыкканы белгиленди.
Президент Штайнмайер менен жубайынын белгилери жеңил болуп, карантинге алынганы кабарланды.