Бельгияда ылдам бараткан унаа калың элдин ичине кирип кетти

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, Стрепи шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:00 чамасында карнавал оюнун уюштуруу үчүн көчөгө чогулган элдин арасына катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа кирип келген.

1798625
Бельгияда ылдам бараткан унаа калың элдин ичине кирип кетти

Бельгиянын Ла Лувье аймагында эртең мененки сааттарда карнавал уюштуруу үчүн чогулган элди сүзгөн унаанын кесепетинен 6 киши каза болду.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, Стрепи шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:00 чамасында карнавал оюнун уюштуруу үчүн көчөгө чогулган элдин арасына катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа кирип келген.

Унаанын кагышанын арасында бир бала каза болгон кеминде 6 адам каза болуп, 10 адам оор жана 24 адам жеңил жаракат алган.

Жергиликтүү маалымат каражаттарында чыккан кээ бир кабарларда оор жаракат алгандардын саны 20дан ашканы, окуядан 70 кишинин жабыр тартканы белгиленди.

Ла Лувье шаарынын мэри Жак Гобер унаанын адамдарды сүзгөндөн кийин жолун улантканын белгилеп, бир аздан кийин унааны токтото алгандарын айтты.

Унаанын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаадагы эки жаш качып кеткени жана аларды полиция издегени жазылган.

Азыркы этапта окуянын теракт болгондугуна эч кандай далил жок экени айтылды.

Бельгиянын премьер-министри Александр де Кро да өзүнүн Twitter баракчасында бөлүшүп:«Стрепи-Бракьеден коркунучтуу кабар. Майрамга чогулган коомчулук жүрөгүнөн урулду. Менин оюм курман болгондор жана алардын жакындары менен»,-деди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары де Кро менен Король Филипптин аймакка бара турганын жарыялашты.



Тектеш кабарлар