Ковид - 19 балдарда кан диабети коркунучун жаратат
1-типтеги кант диабети уйку бези тарабынан инсулин өндүрүшүнүн токтошу же басаңдашынын натыйжасында пайда болот.
Окумуштуулар коронавирустун жаңы түрү Ковид-19дун балдарда кант диабети менен ооруп калуу коркунучун күчөтөрүн аныкташты.
Америка Кошмо Штаттарынын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун изилдөөчүлөрү 2020 - жылдын мартынан 2021 - жылдын июнуна чейин Ковид-19дун диабетке тийгизген таасирин изилдешти.
Окумуштуулар Ковид-19ду жуктурган балдардын кант диабетине чалдыгуу коркунучу вирус жукпагандарга караганда жогору экенин аныкташты.
Изилдөөдө Ковид-19 инсулин өндүрүүчү клеткаларга зыян келтирип, кант диабети коркунучун жараткандыгы байкалды.
Мичиган университетинин Мотт балдар ооруканасынын адис доктору Инас Томас ооруканада Ковид -19 менен дарыланган балдардын 30 пайызы 1-типтеги диабетке чалдыкканын белгиледи.
Сан-Диегодогу Rady балдар ооруканасында эпидемиянын биринчи жылында (2020) кант диабети менен ооругандардын саны андан мурдагы жылга салыштырмалуу болжол менен 60 пайызга өскөндүгү жарыяланды.
Изилдөөдө Ковид-19га чейин кант диабети менен ооруган балдарда абалдын начарлашы мүмкүн экени белгиленген.
1-типтеги кант диабети уйку бези тарабынан инсулин өндүрүшүнүн токтошу же басаңдашынын натыйжасында пайда болот.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.