Зеленский АКШ Конгрессине кайрылуу жасайт
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси менен Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Чак Шумер Конгресстин мүчөлөрүнө кат жөнөтүштү.
1795329
Украинанын президенти Владимир Зеленский 16-март шаршемби күнү Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Конгрессинин мүчөлөрүнө кайрылуу жасайт.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Нэнси Пелоси менен Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Чак Шумер Конгресстин мүчөлөрүнө кат жөнөтүштү.
Катта: "Украинанын президенти, 16-март шаршемби күнү саат 9.00дө (жергиликтүү убактысы боюнча) Сенат менен Өкүлдөр палатасынын биргелешкен жыйынында Конгресстин мүчөлөрүнө кайрылуу жасайт"- деп билдирилди.
Катта АКШнын украин элине көрсөткөн колдоосунун улана турганы да баса белгиленди.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.