Германия АКШдан F-35 согуштук учактарын сатып алат

Немис кабар агенттигинин (DPA) кабарына караганда, немис армиясы 100 миллиард евролук жаңы модернизация программасынын алкагында аба күчтөрүн F-35 согуштук учактары менен жабдууну каалайт.

1795158
Германия АКШдан F-35 согуштук учактарын сатып алат

Немис өкмөтү Торнадо учактарынын ордуна АКШдан  F-35 согуштук учактарын сатып ала турганы маалым болду.

Немис кабар агенттигинин (DPA) кабарына караганда, немис армиясы 100 миллиард евролук жаңы модернизация программасынын алкагында аба күчтөрүн F-35 согуштук учактары менен жабдууну каалайт.

Өндүрүүчү Lockheed Martin фирмасынын жаңы F-35 согуштук учактары 1980-жылдан бери Германиянын Аскердик Аба күчтөрүндө колдонулуп келе жаткан жана АКШнын өзөктүк бомбасын ташууга жөндөмдүү жападан жалгыз немис учактары болгон Tornado согуштук учактарынын ордун ээлейт.

Германиянын дүйнөнүн эң заманбап согуштук учактары катары сунушталган F-35тен эң көп 35 даана сатып алышы пландалууда.

Майлоо жана оңдоо кыйын болгон Торнадо реактивдери, ошондой эле электрондук абада согушуу, душмандын абадан коргонуу позицияларын бузуу, басуу жана чабуул жасоо үчүн колдонулган.

Германиянын Коргоо министрлигинин буга чейинки пландары өзөктүк курал менен колдонууга али бекитиле элек америкалык F-18 учактарын сатып алууну камтыган.

Бирок Германиянын F-35 чечиминин Франция менен биргелешип ишке ашырган Next Generation Air Combat System (FCAS) долбоорун кыйынчылыкка алып келиши мүмкүн экени белгиленди.

Европанын эң маанилүү коргонуу проектилеринин бири катары көрсөтүлгөн жана Германия менен Франция тарабынан жүргүзүлгөн FCAS, Европа өлкөлөрүнүн биргелешкен коргонуу өнүктүрүү потенциалынын алдында да эң олуттуу сыноолордун бири экени чечмеленүүдө.

Глобалдык күрөштүн негизги актеру боло албаган Европанын коргонууда АКШга көз каранды бойдон калуусу жана негизги технологиялык өнүгүүлөрүндө АКШ-Кытай компаниялары менен атаандаша албашы Европа коомчулугунда көптөн бери талкууланып келет.

Орусиянын 24-февралдагы Украинага карай согушту баштоосу башка европалык мамлекеттерди тынчсыздандырганы сыяктуу эле Германиянын коопсуздук саясатында олуттуу талкуу жаратты.



Тектеш кабарлар