Зеленский: "Сириялык жалданма аскерлер чет өлкөгө өлтүрүү үчүн гана келишет"

Зеленский Орусиянын чабуулдарынын 16-күнүндө украиналыктарга кайрылуу жасады.

1794097
Зеленский: "Сириялык жалданма аскерлер чет өлкөгө өлтүрүү үчүн гана келишет"

Украинанын президенти Владимир Зеленский өз өлкөсүнө кол салган орус армиясынын орус тилдүү жарандарга да өтө катаал мамиле жасаганын билдирип: «Эми болсо ким кайсы тилде сүйлөп, кайсы чиркөөгө барганын, кайсы партияга колдоо көрсөткөнүн ажырата албаган сириялык жалданма аскерлер бөтөн өлкөгө жөн эле өлтүрүү үчүн келүүдө»,- деди.

Зеленский Орусиянын чабуулдарынын 16-күнүндө украиналыктарга кайрылуу жасады.

16 күндөн бери эркиндиктери үчүн күрөшкөндөрүн баса белгилеген Зеленский: «Бул убакыт, душмандын басып алуу планынан 4 эсе көп»,- деди.

Зеленский, орустардын дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын бири деп эсептелген армияларынын украиналыктарды жеңет деп ойлогондорун, орус армиясынын Украина көчөлөрүндө гүлдөр менен тосулуп алынаарын үмүт кылганын баса белгилеп: «Жерлерибизди качан баскынчылардан бошотоорубузду айтуу мүмкүн эмес. Бирок биз муну жасайбыз деп айта алам. Анткени буга умтулуп жатабыз, анткени стратегиялык бурулушка жеттик. Биз өз максатыбызга, жеңишибизге карай бара жатабыз»,- деп айтты.

Батыш өнөктөштөрүнөн Орусияга каршы жаңы санкцияларды күткөндөрүн билдирген Украинанын президенти: «Орусия бул коркунучтуу согуш үчүн жооп бериши керек. Кечээ Евробиримдиктин лидерлери абдан маанилүү жыйын өткөрүштү. Ошол жыйында кайсы лидер эмне дегенин билебиз. Ким так сүйлөдү, ким бизди колдоду, ким унчуккан жок билебиз. Кабыл алынган чечимди кандай баалайбыз? Бул жөнөкөй. Бизге күчтүү кадамдар керек. Бул биз күткөндөй эмес",-деди.

Зеленский Орусиянын Жакынкы Чыгыштан Украинага каршы согушуу үчүн жөнөтүүнү пландап жаткан “жоокерлер” тууралуу төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Биз миңдеген жоокерлеринин өлүмүнө маани бербеген душман менен күрөшүп жатабыз. Согуштун тозогуна ыргытуу үчүн Орусиянын бардык булуң-бурчунан аскерлерди чогулткан душман эми украин элине каршы сириялык жалданма аскерлерди алып келүү идеясына келди. Сириядан бандиттерди алып келип жатышат.

Орус жоокерлеринин орус тилдүү элибизге кандай мамиле кылганын көрдүңүздөр. Алар ракеталар, бомбалар, замбиректер менен чабуул коюшту. Эми ким кайсы тилде сүйлөп, кайсы чиркөөгө барганын, кайсы партияга колдоо көрсөткөнүн ажырата албаган сириялык жалданма аскерлер бөтөн өлкөгө жөн эле өлтүрүү үчүн келүүдө»,-деди.



Тектеш кабарлар