Британ өкмөтү орусиялык 7 олигархтын өлкөдөгү активдерин тоңдурду

Санкциялардын тизмесинин башында англиялык Челси футболдук командасынан тышкары Евраз жана Нориск Никель компанияларына ээлик кылган орус олигарх Роман Абрамавичтин аты чыкты.

1793455
Британ өкмөтү орусиялык 7 олигархтын өлкөдөгү активдерин тоңдурду

Британ өкмөтү орусиялык 7 олигархтын өлкөдөгү активдерин тоңдуруп, саякаттоого тыюу салуу чечимин чыгарганын жарыялады.

Санкциялардын тизмесинин башында англиялык Челси футболдук командасынан тышкары Евраз жана Нориск Никель компанияларына ээлик кылган орус олигарх Роман Абрамавичтин аты чыкты.

Өкмөттүн билдирүүсүндө, санкциялар киргизиле турган башка олигархтардын арасында En+ Groupтун акционери Олег Дерипаска, Роснефтин башкы директору Игорь Сечин, ВТБ банктын төрагасы Андрей Костин, Газпромдун жетекчиси Алексей Миллер, энергетикалык түтүк тармагында эмгектенген орусиялык «Транснефть» коомдук компаниясынын төрагасы Николай Токарев жана Россия Банкынын Директорлор кеңешинин төрагасы Дмитрий Лебедев да бар.

Олигархтардын (Орусия Президенттик сарайы) Кремлге эң жакын ысымдар экени белгиленген билдирүүдө, тоңдурула турган жалпы мүлктөрдүн наркынын 15 миллиард фунт стерлингге жеткени билдирилди.

Билдирүүдө белгиленгендей, 7 олгиархтын бардык мүлкү тоңдурулгандан тышкары, алардын Улуу Британияга баруусуна, алардын компаниялары менен кандайдыр бир британиялык компания же жарандын бизнес жүргүзүүсүнө тыюу салынган.

Билдирүүдө Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун пикири да камтылып: «(Орусиянын президенти Владимир) Путиндин Украинага ырайымсыз чабуулун колдогондор үчүн коопсуз порт боло албайт»,-деп айтканы орун алган.

Акыркы санкциялардын Улуу Британиянын украин элине чексиз колдоосунун акыркы кадамы болгонун белгилеген Жонсон: «Биз карапайым калкты өлтүрүүгө, ооруканаларды кыйратууга жана эгемен союздаштарды мыйзамсыз басып алууга мүмкүндүк бергендердин артынан сая түшкөндө аларды аябайбыз»,-деп өз баасын берди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар