Египет менен Сауд Арабиянын биргелешкен билдирүүсү...

Египеттин президенти Абдель Фаттах аль-Сисинин кечээки Сауд Арабия сапары жана король Салман менен жолугушуусунан кийин эки өлкө аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелерге байланыштуу биргелешкен билдирүү жасашты.

1792355
Египет менен Сауд Арабиянын биргелешкен билдирүүсү...

Сауд Арабиясы менен Египет Ирандын өзөктүк программасы менен дагы эффективдүү күрөшүү керектигин билдиришти.

Египеттин президенти Абдель Фаттах аль-Сисинин кечээки Сауд Арабия сапары жана король Салман менен жолугушуусунан кийин эки өлкө аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелерге байланыштуу биргелешкен билдирүү жасашты.

Билдирүүдө Израиль-Палестина жаңжалын эки мамлекеттүү чечимге негизделген кеңири чечүүгө жетишүүнүн маанисине көңүл бурулду.

Билдирүүдө Йемендеги хуситтердин Кызыл деңизде деңиз транспортун коркутуусунун кабыл алынгыс экени белгиленип, Йемен, Сирия жана Ливияда саясий чечимдердин табылышынын маанилүүлүгү баса белгиленди.

Эки тарап Иракта терроризмди жана ички иштерге чет элдик кийлигишүүнү токтото турган өкмөт түзүүнү каалашты.

Судан менен Ливанды да камтыган билдирүүдө тараптарга Хартумдагы диалогдун мааниси жана Бейруттагы кризистен чыгуу үчүн керектүү реформаларды жасоонун маанилүүлүгү эскертилди.

Билдирүүдө Сауд Арабиясынан Эфиопияга «бир тараптуу саясаттардан баш тартуу жана Хедаси суу сактагычы боюнча Египет жана Судан менен кызматташуу зарыл» деген билдирүү берилди.

Египет билдирүүсүндө Сауд Арабиянын аймагына кол салуулардын кабыл алынгыс экенин жана Сауд Арабия менен Перс булуңунун коопсуздугунун Египеттин коопсуздугунун бир бөлүгү катары көрүлгөнүн эске салды.

Эки өлкө Ооганстанда террористтер үчүн баш калкалоочу жайдын курулушуна жол берилбеши керектигин жана бул өлкөдө гуманитардык жардамдын колдоого алынышы керектигин белгилешти.

Мындан тышкары, Ирандын «агрессивдүү мамилеси жана жүрүм-турумунун» аймак өлкөлөрүнө кооптуулугуна көңүл бурулган билдирүүдө, Тегеран бийлигинин өзөктүк куралга ээ болуу коркунучуна каршы түзүлө турган эл аралык келишимге аймактагы өлкөлөрдүн катышуусунун камсыздалышы керектиги эскертилди.



Тектеш кабарлар