Ковид-19дан 6 миллион адам каза болду

Биринчи жолу Кытайда 2019-жылы декабрда пайда болгон Ковид-19 200дөн ашуун өлкөгө жайылды.

1790758
Ковид-19дан 6 миллион адам каза болду

Дүйнө жүзүндө коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан каза болгондордун саны 6 миллион 20 миң 582ге жетти.

Ковид-19 маалыматтары топтолгон "Worldometers" веб-сайтына караганда, эң көп өлүм 984 миң 20 адам менен АКШда катталды.

Андан кийин Бразилияда 652 миң 207, Индияда 515 миң 133, Орусияда 356 миң 281, Мексикада 319 миң 859, Перуда 211 миң 108, Англияда 162 миң 8, Италияда 155 миң 887, Индонезияда 150 миң 172, Францияда 139 миң 275, Колумбияда 139 миң 91 жана Иранда 137 миң 948 адам көз жумду.

Дүйнөдө вирустан каза болгондордун жалпы саны болсо 6 миллион 20 миң 582ге жетти.

Биринчи жолу Кытайда 2019-жылы декабрда пайда болгон Ковид-19 200дөн ашуун өлкөгө жайылды.

Дүйнө жүзү боюнча 446 миллион 721 миң 728 учур катталып, 379 миллион 869 миң 871 адам айыгып чыкты.

Учурда 60 миллион 831 миң 275 бейтаптын дарылануусу уланууда.



Тектеш кабарлар