Путин: "Башка аргабыз жок эле"

Путин өлкөдөгү ири компания жана ишканалардын өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында, Орусиянын дүйнөлүк экономиканын бир бөлүгү бойдон кала берерин айтты.

1784831
Путин: "Башка аргабыз жок эле"

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөсүнүн Украинага каршы операция баштаганына байланыштуу: "Орусияны коргоо үчүн башка аргабыз жок эле»,- деди.

Путин өлкөдөгү ири компания жана ишканалардын өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында, Орусиянын дүйнөлүк экономиканын бир бөлүгү бойдон кала берерин айтты.

Путин: "Биз да орун алган системага зыян келтирүүнү пландаган жокпуз. Эл аралык өнөктөштөр муну баалап, бизди системадан чыгарбашы керек",-деди.

Кырдаалды өзгөртүү аракеттеринин баары жыйынтыксыз болгонун белгилеген Путин: "Орусияны коргоо үчүн башка аргабыз жок эле",- деп билдирди.

«Коопсуздук кепилдиги боюнча бир миллиметр да алдыга жыла элекпиз» деген орус лидери, Орусиянын жаңы санкциялардын киргизилишине байланыштуу тобокелдиктерди алдын ала карап чыкканын жана ыктымалдуу чектөөлөргө даярдангандыгын баса белгиледи.

Владимир Путин: "Алар коопсуздук тармагында ушундай тобокелчиликтерди жараткандыктан, буга башка каражаттар менен жооп кайтаруу мүмкүн эмес эле. Сиздерден окуяларга түшүнүү менен мамиле кылып жана өндүрүштү, экономиканы, жумуштуулукту колдоо куралдарын издөөдө өкмөт менен тилектештикте иштешиңизди каалайм",-деп айтты.

Орусиянын президенти Путин эртең менен Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операция баштаганын жарыялаган болчу.

 



Тектеш кабарлар