Украина Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзүшү мүмкүн

Зеленский борбор калаа Киевде Эстониянын президенти Алар Карис менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөдү.

1783009
Украина Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзүшү мүмкүн

Украинанын президенти Владимир Зеленский, жикчил республикаларды тааныганы үчүн Орусия менен дипломатиялык мамилелерди үзүүнү ойлонуштуруп жатканын билдирди.

Зеленский борбор калаа Киевде Эстониянын президенти Алар Карис менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөдү.

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин Орусия менен дипломатиялык карым-катнаштарын үзүү өтүнүчү менен кайрылганын белгилеген Зеленский, бул маселени жолугушуудан кийин талкуулай турганын билдирди.

2008-жылы Грузияда кетирилген каталардын кайталанышына дүйнөнүн жол бербей турганын баса белгилеген Зеленский, Орусиянын «агрессиясынан» кийин шашылыш санкцияларды колдонууну макулдашкандарын айтты.

Зеленский санкциялардын «Түндүк Агым 2» газ кууру долбоорунун толугу менен токтотулушун камтышы керектигине басым жасады.

Ал арада Украинанын Тышкы иштер министрлиги, Москванын убактылуу ишенимдүү өкүлү Васил Покотилону кеңешүү үчүн чакырды.

Кечээ кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин “Донецк Элдик Республикасы менен Луганск Элдик Республикасынын көз карандысыздыгын” таануу жарлыгына кол койгон.



Тектеш кабарлар