Түндүк Кореянын лидери Кытайдын төрагасын куттуктады

Ким Чендин оозеки билдирүүсүндө «Пекин Кышкы Олимпиадасынын эң сонун уюштурулушунан улам чын жүрөктөн куттуктаганын жарыялады.

1782840
Түндүк Кореянын лидери Кытайдын төрагасын куттуктады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди Бээжиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын “ийгиликтүү” жабылышы менен куттуктады.

Йонхаптагы кабарга караганда, Түндүк Кореянын Борбордук Маалымат Агенттиги (KCNA) Ким Чендин оозеки билдирүүсүндө «Пекин Кышкы Олимпиадасынын эң сонун уюштурулушунан улам чын жүрөктөн куттуктаганын жарыялады.

Ким Чен, дүйнө жүзүндөгү саламаттык сактоо кризисине жана душман күчтөрдүн аракеттерине карабастан, Кытайдын талыкпас эмгеги менен Олимпиаданын тарыхында өчпөс из калтырганын айтты.

Түндүк Корея менен Кытайдын эки тараптуу стратегиялык кызматташтыгын бекемдеп Америка Кошмо Штаттары жана анын союздаштарынын кастык саясаттары менен аскердик коркунучтарын жокко чыгарганын билдирген Ким, эки тараптуу карым-катнаштарды мындан ары да бекемдөөгө убада берди.

2022-жылкы Пекин Кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февраль аралыгында Пекиндин борборунда, Янчинь округунда жана коңшулаш Хибей провинциясынын Канцчакоу шаарында өттү.



Тектеш кабарлар