Россиянын армиясы Украина чек арасынан аскерлерин чыгарууну улантып жаткандыгын билдирди
Батыш Аскердик округуна караштуу кээ бир танк жана бөлүктөрдүн машыгууларын аяктагандан кийин Нижний Новгороддогу туруктуу базаларына кайтканы белгиленди.
Россиянын Коргоо министрлиги Украина чек арасына жакын жерде машыгууларын аяктаган кээ бир танктар менен аскерлердин туруктуу базаларына кайтканын билдирди.
Россиянын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Аскердик округуна караштуу кээ бир танк жана бөлүктөрдүн машыгууларын аяктагандан кийин Нижний Новгороддогу туруктуу базаларына кайтканы белгиленди.
Россиянын деңиз флотунан берилген кабарда да мыйзам тышы аннексияланган Крымдагы аскердик иш - аракеттер тууралуу маалымат берилген жок. Маалыматта : «Машыгуу учурунда Крымдагы 10 Су – 24 аскердик учагы Россиянын башка аймактарындагы базаларга жайгаштырылды»,- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
"Ракка менен Мосулда карапайым адамдарды өлтүрдүк"
Марк Милли Вашингтондогу Жасалма интеллект жарманкесинде өткөрүлгөн панелде сөз сүйлөдү.