BioNTechтин Омикрон вакцинасы боюнча чечими

Проф. др. Угур Шахин немис басма сөзүнө билдирүү жасады.

1780499
BioNTechтин Омикрон вакцинасы боюнча чечими

Германиянын биотехнология BioNTech компаниясынын негиздөөчү өнөктөшү, түрк илимпозу профессор доктор Угур Шахин жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) Омикрон мутациясына атайын даярдалган вакцинанын бир нече жумага кечигээрин жарыялады. 

Проф. др. Угур Шахин немис басма сөзүнө жасаган билдирүүсүндө, Omicron мутациясына атайын даярдалган вакцинанын маалымат чогултуу процессинин күтүлгөндөн жайыраак болушунан улам бир нече жумага кечеңдетилиши мүмкүн экенин айтты.

Шахин жаңы мутацияларга каршы вакциналарды иштеп чыгууну уланта тургандарын кошумчалап: "Пандемиянын толкуну аяктаса, бул кайра башталбайт дегенди билдирбейт" деди.

Ковид-19 пандемиясынын келечекте кандай калыптанаарына токтолгон Шахин: "Кырдаалды эми драматикалык деп эсептебейм",- деп айтты.

BioNTech компаниясы Omicron үчүн атайын вакцинанын марттын аягында чыгарыла турганын жарыялаган болчу. 



Тектеш кабарлар