ДССУнун эпидемия тууралуу билдирүүсү
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) видеоконференция аркылуу өткөн Ковид-19 Глобалдык Иш-аракет жыйынына кошулган Гебреисус Ковид-19 эпидемиясынын акыркы абалы жөнүндө сөз сүйлөдү.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору доктор Тедрос Аданом Гебреисус: «Айрым өлкөлөрдө эмдөөнүн жогорку деңгээли жана Omicron вариантынын жумшактыгы коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) эпидемиясы аяктады деген жалган риториканы жаратууда»,-деди.
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) видеоконференция аркылуу өткөн Ковид-19 Глобалдык Иш-аракет жыйынына кошулган Гебреисус Ковид-19 эпидемиясынын акыркы абалы жөнүндө сөз сүйлөдү.
Гебреисус ДССУнун ушул жылдын ортосуна чейин ар бир өлкөнүн калкынын 70 пайызын эмдөө максатынын маанилүүлүгүнө көңүл буруп: «Быйыл эпидемияны кармай алабыз, бирок бул мүмкүнчүлүктү текке кетирүү коркунучу көбөйдү»,-деп айтты.
116 өлкөнүн ДССУ белгилеген «калктын 70 пайызын эмдөө» максатына жете албашынын болжолдонуп жатканын баса белгилеген Гебреисус, саясий лидерлердин эмдөө процессин тездетүүгө үндөшү керектигин белгиледи.
Башкы директор Ковид-19 эпидемиясы Omicron вариантынан кийин бүтөт деген дооматтарга токтолуп: «Айрым өлкөлөрдө эмдөөнүн жогорку деңгээли жана Omicron вариантынын жеңилдиги Ковид-19 эпидемиясы бүттү деген жалган билдирүүлөрдү жаратууда»,-деди.
Эпидемияны эмдөөсүз көзөмөлгө алуу мүмкүн эместигин кайталаган Тедрос Аданом Гебреисус бардык өлкөлөрдү ДССУнун глобалдык вакцинация максатын колдоого чакырды.