Польша украиналык качкындарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Орусиянын Украинага ыктымалдуу кол салуусу Европада качкындардын жаңы агымына себеп болушу келиши мүмкүн.

1778105
Польша украиналык качкындарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Орусиянын Украинага ыктымалдуу басып киришинин Европада качкындардын жаңы агымына алып келиши күтүлүүдө.

Польшанын ички иштер министри Мариуш Камински, аймактык башкаруулар менен муниципалитеттердин Украинадагы согуш учурунда качкындарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн карап жаткандарын билдирди.

Польшанын губернаторлору да дем алыш күндөрү муниципалитеттерден 48 сааттын ичинде ыктымалдуу качкындардын агымына каршы жайгашуу жайларынын тизмесин жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн Ички иштер министрлигине берүүнү суранышты.

Польшанын ички иштер министринин орун басары Мачей Васик да бир миллионго жакын украиналык качкындын өлкөгө кирүү ыктымалын талкуулап жатышканын айтты.

Васик: «Биз эң жаман сценарийге даяр болушубуз керек. Бир миллионго жакын украиналык качкындардын толкунуна даяр болуу үчүн кадамдарды жасап жатабыз. Польша өкмөтү Украина менен тилектештикте иш алып барат. Женева келишимине ылайык бул адамдар Польшанын коргоосунда болушат жана биз жардамга муктаждарга жок деп айтпайбыз»,-деди.

Орусия 2015-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин Польша украин жарандарынын башпаанек талаптарынын 99 пайызын четке каккан болчу.



Тектеш кабарлар