Кайрадан президент болуп шайланган Штайнмайерден Путинге чакыруу

Штайнмайер экинчи жолу президенттикке шайлангандан кийинки сөзүндө өзүнө ишеним көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди.

1777832
Кайрадан президент болуп шайланган Штайнмайерден Путинге чакыруу

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Орусиядан Украинанын мойнуна илген түйүнүн чечүүнү суранды.

Штайнмайер экинчи жолу президенттикке шайлангандан кийинки сөзүндө өзүнө ишеним көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди.

Штайнмайер өз сөзүндө Орусиянын президенти Владимир Путинге Украина кризисине байланыштуу демократияны басынтпоо эскертүүсүн жасап: «Мен президент Путинге кайрылам, Украинанын мойнундагы түйүндү чечип, Европада тынчтыкты сактоонун жолун табууга кошулгула»,- деди.

Штайнмайер Орусия менен Батыштын ортосундагы бөтөнчөлүктүн күчөшүнүн себептери боюнча көптөгөн талаш-тартыштар болушу мүмкүн экенин белгилеп: «Бирок биз талкуулай албаган маселе - Чыгыш Европада согуштук жаңжал жана согуш коркунучунда турганыбыз. Бул темадагы жоопкерчилик Орусияга таандык. Орусиянын аскерлерин жайгаштырууну туура эмес түшүнүүгө болбойт. Бул Украина үчүн коркунуч болуп саналат жана болушу керек. Бирок ал жердеги адамдар коркунучсуз жана коркутуусуз жашоого, өз тагдырларын жана суверенитетин белгилөөгө укуктуу.. Аны жок кылууга дүйнөдөгү эч бир өлкөнүн укугу жок жана биз буга аракет кылгандардын бардыгына чечкиндүү жооп кайтарабыз»,-деп айтты.

Коркунучтун Украинада гана эмес, Чыгыш Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө да күчөгөнүн баса белгилеген Штайнмайер: «Ошондуктан биз поляктар, словактар, румындар жана бардык союздаштары менен бирге эстондор, латыштар жана литвалыктар менен биргебиз. Сиз бизге ишене аласыз. Германия НАТОнун жана Европа Биримдигинин бир бөлүгү. Аларсыз биз немистер бүгүнкү күндө биримдикте жана эркиндикте жашай алмак эмеспиз. Муну унутпайлы. Кандайдыр бир түшүнүксүздүк болбостон биз альянска берилгендигибизди моюнга алабыз»,-деди.

Бундестагда өткөрүлгөн 17-мөөнөттүк президенттик шайлоодо Штайнмайер биринчи турда жарактуу 1425 добуштун 1045ин алуу менен кайрадан президент болуп шайланды.

Исламга каршы жана иммигранттарга каршы күрөшкөн AfD партиясынын талапкери Макс Отте 140, Солчул партиянын талапкери Герхард Траберт 96 жана Эркин шайлоочулардын талапкери Стефани Гебауэр 58 добуш алып, 86 делегат калыс добуш беришти.

Шайлоодо делегаттар арасында штаттык жыйындар тарабынан аныкталган көптөгөн атактуу ысымдар да добуш беришти.

Шайлоочулардын арасында мурунку канцлер Ангела Меркель, Ковид-19 вакцинасын иштеп чыккан BioNTech компаниясынын тең негиздөөчүсү, Доктор Өзлем Турежи, Германиянын улуттук курама командасынын машыктыруучусу Ханси Флик, Бавариянын футболчусу Леон Горецка, химия боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Бенжамин Лист жана астронавт Александр Герст бар эле.



Тектеш кабарлар