БУУ : "Январь айында Йеменде 234 жаран набыт болду"

Бириккен Улуттар Уюмунун  гуманитардык иштер боюнча координациялык кеңсеси Йемендеги кагылышууларда каза болгондор тууралуу отчетун жарыялады.

1776930
БУУ : "Январь айында Йеменде 234  жаран набыт болду"

Йеменде өткөн айда 234 жарандын  набыт болгону жарыяланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун  гуманитардык иштер боюнча координациялык кеңсеси Йемендеги кагылышууларда каза болгондор тууралуу отчетун жарыялады.

Отчетто Йеменде январь айында 234 жарандын каза болгондугуна көңүл бурулуп, бул сан 3 жылдан бери  болуп келе жаткан кагылышууда бир айдын ичинде эң жогорку көрсөткүч болду.

Йеменде кагылышуулардын улантылышынын "2021 -  жылдын акыркы чейрегинде 2022 - жылга чейинки абалдын начарлашы менен" жарандардын арасында оор жоготууларга себеп болгону баса белгиленген отчетто, 2021 - жылы күнүнө орто эсеп менен 7 киши, жалпы 769 жарандын набыт болгондугу, 1739 кишинин жаракат алгандыгы билдирилди. 

Узак убакыттан бери саясий туруксуздук өкүм сүргөн Йеменде хусилер менен өкмөткө караштуу күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар болуп жатат.

Хусилер 2014  -жылдын сентябрь айынан бери борбор шаар  Сана жана кээ бир аймактарды көзөмөлгө алып,  Сауд Аравия жетектеген коалициялык күчтөр 2015 - жылдын март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо көрсөтүүдө.

 



Тектеш кабарлар