Умра зыяратчылары үчүн "ПЦР жана антиген тести" талабы

Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1774870
Умра зыяратчылары үчүн "ПЦР жана антиген тести" талабы

Сауд Арабия умра зыяратчыларынын ден соолугун коргоо үчүн кирүү процедураларынын жаңыртылганын жарыялады.

Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Билдирүүдө, өлкөгө умра же зыярат максатында келгендердин иммундук абалына карабастан акыркы 48 саат ичинде бекитилген ПЦР же антиген тестинен өтүшү керек экени айтылды.

Бул процедураларды ишке ашыруунун 2022-жылдын 9-февралынан тарта башталары белгиленди.

Сауд Арабия буга чейинки билдирүүсүндө, 2021-жылдын 10-октябрынан баштап коронавирус (Ковид-19) вакцинасынын 2 дозасын алгандарга гана умра жана ибадат кылууга уруксат берилерин жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар