АКШда Модернанын Ковид - 19 вакцинасын толук колдонууга уруксат берилди

Массачусетстеги Модерна компаниясынын билдирүүсүндө, толугу менен бекитилген Ковид -19 вакцинасынын мындан ары Spikevax бренди менен сатыла турганы белгиленди.

1771571
АКШда Модернанын Ковид  - 19  вакцинасын толук колдонууга уруксат берилди

 АКШнын  азык  - түлүк жана дары  - дармек боюнча башкармалыгы (ФДА) Американын Модерна фармацевтикалык компаниясынын Ковид  - 19  вакцинасынын колдонулушуна толук уруксат бергендигин жарыялады.

ФДА тарабынан берилген маалыматта, Модернанын Ковид -19 вакцинасынын өндүрүш процессине байланыштуу бардык экспертизалардын жасалганы билдирилип : «Коомчулук бул вакцинанын ФДАнын илимий стандарттарына ылайык бекитилгендигине ишене алат»,- деп айтылды.

Массачусетстеги Модерна компаниясынын билдирүүсүндө, толугу менен бекитилген Ковид -19 вакцинасынын мындан ары Spikevax бренди менен сатыла турганы белгиленди.

АКШнын Ооруларды коргоо жана алдын алуу борборлору CDCнын каттоолоруна ылайык, азыркыга чейин өлкөдө 204 миллиондон ашык адам Модерна вакцинасын алган.

ФДА 2020 - жылы декабрда Модерна тарабынан иштелип чыккан Ковид - 19 вакцинасын шашылыш түрдө колдонууга уруксат берген.



Тектеш кабарлар