Түндүк Корея жаңы ракеталык сыноолорду өткөргөнүн ырастады

Түндүк Корея акыркы бир айда алты ракеталык сыноо өткөрдү.

1769732
Түндүк Корея жаңы ракеталык сыноолорду өткөргөнүн ырастады

Түндүк Корея бул аптада эки ракеталык сыноо өткөргөнүн жана ал сыноолордо ийгиликтүү болгонун ырастады.

Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги (KCNA) президент Ким Чен Ындын ок-дары чыгаруучу заводду кыдыргана байланыштуу кабарында, Түндүк Кореянын бул аптада ракета сыноолорун ийгиликтүү өткөргөндүгүн билдирди.

25 жана 27-январда болгон сыноолор ийгиликтүү өткөнү айтылды.

27-январдагы сыноодо кадимки согуштук дүрмөттөрү бар «жерден-жерге тактикалык башкарылуучу ракеталардын» сыналганы, ал эми 25-январда алыскы аралыкка атуучу эки ракета учурулуп, ракеталар 2 саат 35 мүнөттөн ашык учкандыгы жана 1800 километр аралыктагы буталарга сокку ургандыгы белгиленди.

Түндүк Корея акыркы бир айда алты ракеталык сыноо өткөрдү.

Түштүк Корея Түндүк Кореянын 27-январда баллистикалык болуу ыктымалдыгы жогору эки ракетасын, 25-январда эки канаттуу ракетасын сынаганын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар