Омикрон териде 21 саат жашай алат

Омикрон варианты  адамдын терисинде 21 саатка чейин, пластикалык беттерде 8 күнгө чейин жашай алаары аныкталган.

1769054
Омикрон териде 21 саат жашай алат

 Жаңы типтеги коронавирустун Омикрон варианты  адамдын терисинде 21 саатка чейин, пластикалык беттерде 8 күнгө чейин жашай алаары аныкталган.

Япониянын Киото медициналык университетинин изилдөөчүлөрү Кытайдын Ухань шаарынан чыккан  Ковид - 19 вирусунун  биринчи үлгүсү менен варианттарынын айырмачылыктарын  изилдеди.

BioRxivде алдын ала басылган изилдөө вирустун Альфа, Бета, Дельта жана Омикрон варианттары пластикалык беттерде жана териде Ухань штаммына караганда 2 эсе көп жашай аларын көрсөттү.

Изилдөөдө пластикалык беттерде Ухань түрүнүн орточо жашоо узактыгы 56 саат, Альфа варианты 191,3 саат, Бета варианты 156,6 саат, Дельта варианты 114 саат, Омикрон варианты 193,5 саат болуп аныкталды.

Адамдын терисинде  вирустун оригиналы 8,6 саат, Альфа варианты 19,6, Бета варианты 19,6, Дельта  варианты 16,8 жана Омикрон варианты 21,1 саат бою жашоого жөндөмдүү болгон.

Изилдөөчүлөр бардык варианттардын 35 пайыздык эритмесине  15 секундда толугу менен натыйжасыз болорун билдирип, колдун гигиенасы үчүн дезинфекциялоочу каражаттарды колдонууну улантууну сунушташты.



Тектеш кабарлар