Бельгиядагы Covid-19 чараларына каршы нааразылык акциялары
Полиция чогулгандарды таратуу үчүн суу колдонду.
1767489
Брюсселде он миңдеген адамдар Ковид чектөөлөрүнө каршы катышкан нааразылык акцияларында кагылышуулар чыкты. Жетекчилер болжолдогондой Бельгиянын баш калаасындагы жүрүшкө 50 миңдей адам катышты. Полиция чогулгандарды таратуу үчүн суу колдонду. Премьер-министр Александр Де Кроонун айтымында, жарандарга жабык жерлерге кирүүгө мүмкүндүк берген Covid-19 эмдөө паспорттору жарактуу болушу үчүн беш айдын ичинде кошумча вакцина алышы керек.