Польшада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң чоң жоготуу

Польшада күнүмдүк бейтаптардын саны келерки аптада 50 миңге жетиши мүмкүн экени белгиленди.

1766686
Польшада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң чоң  жоготуу

Польшада коронавирустун жаңы түрү Ковид-19 эпидемиясынан каза болгондордун саны Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки өлкөдөгү эң жогорку жоготуу болду.

Польшанын Саламаттыкты сактоо министрлиги кечээ өлкөдө Ковид-19дан 248 кишинин каза болгонун, эпидемия башталгандан бери 103 миңден ашуун кишинин каза болгонун жарыялады.

Эпидемияда өлүмдүн эң жогорку деңгээли менен Европа Биримдигинин мүчөсү болгон Польша Экинчи Дүйнөлүк Согуштан бери эң көп адам жоготууга учурады.

Министрлик ошондой эле Польшада акыркы 24 саатта 36,500 бейтаптын аныкталганын жана Омикрон вариантынын таасири менен Ковид-19 эпидемиясында күнүмдүк бейтап санында рекордго жеткенин билдирди.

Польшада күнүмдүк бейтаптардын саны келерки аптада 50 миңге жетиши мүмкүн экени белгиленди.



Тектеш кабарлар