Украинадан ЖККУ бөлүктөрүнө чакыруу

Украинанын Казакстандагы өз жарандарынын кызыкчылыктарын коргоону улантаары белгиленди.

1760317
Украинадан ЖККУ бөлүктөрүнө чакыруу

Украина Казакстанга барган жана көпчүлүгү орус бөлүктөрүнөн турган Жамааттык Копсуздук Келишими Уюмунун Тынчтык күчүнүн бул өлкөдө калуу үчүн белгиленген мөөнөттү ашпашы керектигин жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта, Казакстандагы абалдын жакындан иликтенгендиги белгиленди.

Көп сандаган кишинин каза болушуна себеп болгон жана Казакстандын бир топ шаарында ортого чыккан зомбулук айыпталган маалыматта каза болгондор үчүн көңүл айтылды.

Казакстандын чаркыруусу менен көпчүлүгү орус бөлүктөрүнөн турган чет элдик аскердик күчтөрдүн өлкөгө жайгашкандыгы эске салынган маалыматта, бөлүктөрдүн Казакстандын эгемендигине сый көрсөтүшү жана бул өлкөдө калуу үчүн белгиленген мөөнөттөн ашпашы керектиги айтылды.

Маалыматта  Украина Казакстандагы өз жарандарынын кызыкчылыктарын коргоону улантаары белгиленген.



Тектеш кабарлар