Польшанын президенти экинчи жолу коронавируска чалдыкты

49 жаштагы Дуданын тестинин жыйынтыгы оң чыкканы билдирилди.

1757730
Польшанын президенти экинчи жолу коронавируска чалдыкты

Польшанын президенти Анджей Дуданын коронавирусту (Ковид-19) экинчи жолу жуктуруп алганы кабарланды.

Польшанын Президенттиги тарабынан жасалган билдирүүдө 49 жаштагы Дуданын тестинин жыйынтыгы оң чыкканы, эч кандай белгилер байкалбаганы, карантинге алынганы жана ден соолугунун жакшы экени белгиленди.

2020-жылдын октябрында да Ковид-19га чалдыккан Дуда 2021-жылдын апрель жана июнь айларында Ковид-19 вакцинасынын эки дозасын алган, өткөн айда болсо эскертүү дозасын сайдырган.

Ошол эле учурда Польшанын саламаттыкты сактоо министри Адам Нидзиелски пресс-конференцияда учурда өлкөдө жаңы чектөөлөр болбой турганын жана Польшадагы Omicron варианты боюнча маалыматтар январдын аягында тактала турганын билдирди.

Ниедзиелски күнүмдүк бейтаптардын санынын көбөйүшүнүн майрам мезгилине (Рождество) байланыштуу экенин жана бул убактылуу абал экенин белгилеп, Ковид-19 бейтаптары үчүн ооруканалардагы керебеттердин санын 60 миңге жеткире тургандарын маалымдады.



Тектеш кабарлар