Индияда 15-18 жаштагылар эмделе баштады

Индияда жугуштуу Omicron варианты менен күрөшүү үчүн өлкө боюнча катуу чаралар көрүлүп, эмдөө өнөктүгү да тездетилди.

1756086
Индияда 15-18 жаштагылар эмделе баштады

Индияда коронавирус (Ковид-19) учурлары көбөйгөндөн кийин 15-18 жаш тобундагы жаштардын эмделе баштаганы кабарланды.

Индияда жугуштуу Omicron варианты менен күрөшүү үчүн өлкө боюнча катуу чаралар көрүлүп, эмдөө өнөктүгү да тездетилди.

Ушул алкакта саламаттыкты сактоо кызматкерлери өзгөчө бейтаптардын саны көбөйгөн аймактардагы оорукана, мектеп жана жеке эмдөө борборлорунда 15-18 жаш тобундагы жаштарды эмдей башташты.

Жетекчилер бейтаптардын саны көбөйгөнүнө карабастан, ооруканага жаткырылгандардын саны өспөгөнүн билдиришти.

Индияда пандемия башталгандан бери болжол менен 482 миң адам вирустун айынан каза болду. Өлкөдө 35 миллион Ковид-19 учуру катталды.



Тектеш кабарлар