Австралияда Ковид - 19 бейтап саны 400 000ден ашуун

Австралияда айрым чектөөлөрдү кайрадан киргизүү күн тартибине келиши күтүлүүдө.

1755496
Австралияда Ковид - 19 бейтап саны 400 000ден ашуун

Австралияда Ковид  - 19дун Дельта жана Омикрон  варинаттарынын таасири менен жогорулаган күнүмдүк бейтап саны күн сайын жаңы рекорддук деңгээлге жетип, бир күндө биринчи жолу 35  315  адамдын вирус жуктурушу менен өлкөдөгү бейтап саны 430 819га жогорулады.

Штаттын саламаттыкты сактоо министрликтеринин берген маалыматына караганда, Омикрон вариантынын декабрь айынын ортосунда катталышынан кийин бейтап саны 2022 -  жылдын алгачкы күнүндө да ылдам көбөйдү.

Жаңы Түштүк Уэльсте 22,574, Викторияда 7,442, Квинслендде 2,266, Түштүк Австралияда  2,100, Австралиянын борбор аймагында 448, Тасманияда 428, жана Түндүк аймагында  54 кишиде Ковид – 19дун аныкталышы менен өлкө боюнча бейтаптардын саны 430 миң 819га жетти.

Дельта жана Омикрон варианттарынан эң көп жабыркаган шататтардан  Викторияда 9, Жаңы Түштүк Уэльсте 4 адамдын Ковид  - 19дан каза болушу менен өлкөдө каза болгондордун саны 2 миң 254кө жогорулады.

Бейтап санындагы ылдам жогорулоого карабастан толук жабылуунун күн тартибинде эмес экендигин билдирген штат өкмөттөрү жабык жерлерде бет кап колдонууну мажбур абалга алып келишти.

Бирок ооруканага жатуу катнашында жогорулоонунун болушу жана саламаттыкты сактоо системасы келген талаптарды камсыз кыла албаса Австралияда айрым чектөөлөрдү кайрадан киргизүү күн тартибине келиши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар