«Рай» бороонунун кесепети

«Рай» тайфуну себеп болгон апааттан каза болгондордун саны 405ке жетти.

1755154
«Рай» бороонунун кесепети

Филиппиндин борбордук жана түштүк-чыгыш аймактарына таасирин тийгизген «Рай» тайфуну себеп болгон апааттан каза болгондордун саны 405ке жетти.

«Channel News Asia» гезитинин кабарына караганда, Улуттук апаат кызматынын башчысы Рикардо Жалад маалымат жыйынында, өлүмдөрдүн көбүнүн сууга чөгүп кетүү, бак-дарактардын кулашы жана жер көчкүдөн улам болгонун айтты.

Тайфундан 530 миңден ашуун үйдүн зыянга учураганын, алардын үчтөн биринин толугу менен кыйрап калганын белгилеген Жалад, апааттын өлкөнүн инфраструктурасына жана айыл чарбасына келтирген зыянынын 620 миллион доллар болгонун белгиледи.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 4,5 миллион киши жапа чеккен тайфундан 82 адам дайынсыз болуп, 1147 адам жаракат алган.



Тектеш кабарлар