Грузиянын парламент спикерлигине Шалва Папуашвили шайланды
«Грузин кыялы» партиясынан көрсөтүлгөн Шалва Папуашвили өлкөнүн парламентинин жаңы спикери болду.
Грузияда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынан көрсөтүлгөн Шалва Папуашвили өлкөнүн парламентинин жаңы спикери болду.
Грузия парламентинде жаңы спикерди шайлоо үчүн кезектеги жыйын өткөрүлдү. 150 кишилик парламентте спикерди шайлоо үчүн өткөрүлгөн добуш берүүгө 89 депутат катышты.
Добуш берүүдө 88 кабыл добуш алган бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын талапкери Папуашвили парламенттин спикери болуп шайланды.
Бир депутат каршы чыккан добуш берүүгө башка талапкер катышкан жок. 45 жаштагы Папуашвили 2020 – жылы болгон парламенттик шайлоодо биринчи жолу депутат болуп шайланды.
Парламенттин мурдагы спикери Каха Кучава 24 - декабрда кызматтан кеткенин билдирген.
Тектеш кабарлар
Зеленскийге кол салууну пландаган тыңчылар кармалды
Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.
Хизбуллах Израилдин 2 аскерин өлтүрдү
Кол салууда запастагы эки аскер каза болуп, бир аскер жеңил жараат алды.