ДССУ: «Омикрон болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта жайылып жатат»

ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус билдирүү жасады.

1747805
ДССУ: «Омикрон болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта жайылып жатат»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун (Ковид-19) Omicron варианты дүйнө жүзү боюнча болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта жайылып жатканын эскертти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус, Omicron учурларынын 77 өлкөдө катталганын билдирип: «Буга чейинки мутацияда көрбөгөн ылдамдыкта жайылып жатат»,- деди.

Гебреисус мутациянын балким көптөгөн өлкөлөрдө бар болушу мүмкүн экенин айтып: «Омикрон анча оор эмес ооруну жаратса дагы, көп сандаган учурлар даяр эмес саламаттык сактоо тутумун дагы бир жолу кыйын абалга алып келиши мүмкүн»,-деп билдирди.

Вакцинанын өлкөлөрдүн кризистен жалгыз чыгуусуна жардам бербестигин айткан Гебреисус социалдык аралыктын, беткап кийүүнүн жана гигиенанын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өлкөлөр арасында Ковид-19 эмдөө көрсөткүчтөрүндө дагы деле чоң теңсиздик бар экенин белгилеп: «41 өлкө дагы эле калктын 10 пайызын эмдөөгө жетише элек, 98 өлкө 40 пайызга жете элек. Ошол эле өлкөдөгү калктын ортосунда олуттуу теңсиздикти да көрүп жатабыз»,- деди.

Гебреисус: «Эгерде теңсиздикти токтотсок Ковид-19 пандемиясын токтотобуз. Эгерде теңсиздиктин уланышына жол берсек, пандемиянын уланышына жол беребиз»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар