Түштүк Африканын президенти COVID-19га чалдыкты
Сирил Рамафосанын Ковид-19 тестинен вирус аныкталганы кабарланды.
1746586
Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса коронавирустун жаңы түрүн (Ковид-19) жуктуруп алды.
Президенттиктин билдирүүсүндө, Сирил Рамафосанын Ковид-19 тестинен вирус аныкталганы кабарланды.
Ооруну жеңил өткөрүп жаткан Рамафоса Түштүк Африканын Аскердик Саламаттыкты сактоо кызматы тарабынан Кейптаун шаарында байкоого алынды.
Рамафоса ушул апта үчүн бардык ыйгарым укук жана милдеттерин вице-президент Дэвид Мабузага тапшырды.