G7 өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлери Omicron вариантын сүйлөшүү үчүн чогулду
Жыйындан кийин биргелешкен билдирүү жарыяланды.
Британиянын чакырыгы менен чукул жыйын өткөргөн G7 өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо министрлери, дүйнөлүк коомчулуктун коронавирустун (Ковид-19) Omicron вариантынын коркунучу алдында турганын билдиришти.
Британия, АКШ, Канада, Франция, Германия, Италия жана Япониядан турган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүдө: «Дүйнөлүк коомчулук, тез арада чара көрүүнү талап кылган COVID-19дун өтө жугуштуу жаңы варианты менен бетме-бет турат»,-делди.
Ошондуктан министрлердин Omicron вариантына байланыштуу кооптонууларды сүйлөшүү үчүн шашылыш чогулганы баса белгиленген билдирүүдө, Түштүк Африканын вариантты аныктоодо жана башка өлкөлөрдү эскертүүдөгү үлгүлүү иш-аракеттери жогору бааланды.
Билдирүүдө Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДСУ) алкагында эл аралык патогендик көзөмөл тармагын түзүү үчүн күчтүү колдоо бар экени айтылды жана төмөнкү сөздөр камтылды:
«Министрлер ошондой эле вакциналардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун стратегиялык маанилүүлүгүн моюнга алышты, оперативдүү жардам көрсөтүштү, кайрымдуулук милдеттенмелерибизди өркүндөтүштү, вакциналар боюнча туура эмес маалымат менен күрөшүүдөн тышкары изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды колдошту. Министрлер алдыдагы апталарда ДССУ жана эл аралык өнөктөштөр менен маалымат алмашуу жана Omicron менен мониторинг жүргүзүү үчүн тыгыз кызматташууну улантууга чечкиндүүлүктөрүн билдиришти. Министрлер декабрда кайрадан жолугушууга убада беришти».
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан «Омикрон» деп аталган B.1.1.529 варианты 25-ноябрда Түштүк Африка Республикасында табылганы маалымдалган.
Түркия баш болгон көптөгөн өлкөлөр Omicron вариантынан улам Түштүк Африкага саякатка тыюу салууну чечишкен.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны 34 миң 904кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 216 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.