Путин, Алиев жана Пашинян бүгүн жолугушат

Путиндин Алиев жана Пашинян менен өз  - өзүнчө жолугушуусу да күтүлүүдө.

1739224
Путин, Алиев жана Пашинян бүгүн жолугушат

Россиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер  - министри Никол Пашинян бүгүн Сочиде жолугушат.

Кремлден берилген  жазуу түрүндөгү маалыматта Сочиде Путин, Алиев жана Пашиняндын ортосунда үч тараптуу жолугушуунун өткөрүлөрү белгиленген. Жолугушууда Карабах келишимдеринин ишке ашырылышынын талкууланышы, аймакта туруктуулуктун  бекемделиши жана бейпилдикти орнотуу үчүн таштала турган кадамдарды белгилөө пландалууда.

Муну менен бирге Путиндин Алиев жана Пашинян менен өз  - өзүнчө жолугушуусу да күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар